Бишкекте “MINEX Central Asia” геологиялык форуму өтүүдө

Бишкекте “MINEX Central Asia” геологиялык форуму өтүүдө

2024-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарындагы Novotel мейманканасында MINEX Central Asia 10-тоо-геологиялык форуму башталды. Форум “Борбор Азиядагы тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери” деген жалпы теманын алдында уюштурулууда.

Ачылышка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Тургунбаев, Улуу Даражалуу Кыргыз Республикасындагы Николас Боулер элчиси, Лесли Вигери АКШнын Кыргызстандагы элчиси катышууда.

Казакстан Республикасынын Өнөр жай жана курулуш министринин орун басары И. Шархан, SRK Consulting компаниясынын корпоративдик консультанты Тим Лакс — башкаруучу директору, ошондой эле, Европа, Борбордук Азия жана башка көптөгөн өлкөлөрдө капиталды сатуу боюнча вице-президенти.

Форум бирдиктүү аянтчада презентацияларды өткөрүүгө жана минералдык ресурстарды иштетүүгө, жашыл энергетиканы калыптандырууга жана өнөр жай инфраструктурасын модернизациялоого инвестицияларды жана технологияларды тартуунун келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк берет.

Форумдун башкы аймактык өнөктөшү болуп Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги саналат.

Форумга 25тен ашык өлкөнүн тоо-кен тармагындагы алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү катышууда.  Борбордук Азия, Европа, Кытай, Түндүк Америка жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттери.