Жаратылыш ресурстар министрлиги: Чолпон-Атада КМШнын жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча өкмөттөр аралык кеңешинин 27-жыйыны ачылды

Бүгүн, 2024-жылдын 12-сентябрында Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча Өкмөттөр аралык кеңешинин 27-отурумунун салтанаттуу ачылышы болду.

Сессияга Орусия, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан жана Армениянын делегациялары катышууда. 

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев куттуктоо сөзүндө бул маанилүү иш-чара жер казынасын пайдалануу жаатында кызматташууну бекемдөөгө жана биргелешкен стратегияларды иштеп чыгууга бекем негиз түзөөрүн белгиледи.

«Биз өлкөлөрүбүздүн келечегине олуттуу таасирин тийгизе турган жаңы чечимдердин жана инновациялык ыкмалардын босогосунда турабыз. Кыргыз Республикасы уникалдуу жаратылыш ресурстарына ээ жана дүйнөлүк аренада жер казынасын пайдаланууда маанилүү роль ойнойт. Жер казынасынын ресурстары глобалдык туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык элементи гана эмес экенин түшүнүү маанилүү. Өлкөбүздө алтын, калай, вольфрам, сурьма, көмүр, сейрек кездешүүчү жана түстүү металлдар сыяктуу стратегиялык мааниге ээ болгон 15 миңден ашык кендер табылган», — деди министр Медер Машиев.

Ошондой эле министрликтин жетекчиси бул форум тармактын өнүгүшүнө жаңы дем берип, аймактык кызматташтыкты бекемдей турганын баса белгиледи. Тактап айтканда, ал сессиянын жыйынтыгы КМШ өлкөлөрүнө туруктуу өнүгүүгө, айлана-чөйрөнү коргоого жана жер казынасын натыйжалуу пайдаланууга багытталган биргелешкен стратегияларды иштеп чыгууга жардам берерине ишенимин билдирди.