Кыргыз геология кызматы Геологдор күнүнө карата ардагерлердин жана геология тармагында иштеген адистердин арасында шахмат турнирин өткөрдү. Турнирди министрдин орун басары, мекеменин директору М.М. Жусупбеков ачып, катышуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, шахмат оюнунда чеберчиликти көрсөтүп, жеңишке жетүүгө чакырды.
Турнир Кыргыз геология кызматы менен Тоо-кен металлургия кесиптик бирлиги тарабынан биргелешип уюштурулуп, иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөр белектер жана сыйлыктар менен сыйланышты.









